Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 17.09.2015 16:18

Ошто мыкты токойчулар сыйланды

Turmush -  Бүгүн, 17-сентябрда  Ош шаарында токой чарбасында эмгектенгендердин күнү белгиленүүдө. Өзгөн районундагы Кара-Шоро мамлекеттик жаратылыш паркынын жетекчиси Болот Жээнбековдун айтымында, жыл сайын Токойчулардын күнү сентябрь айынын 3-жумалыгында белгиленип келет.

«Иш-чарага облустун аймагындагы токой чарбасында эмгектенип жаткан 30дан ашуун жетекчилер, кызматкерлер катышты. Майрамдык салтанаттын алкагында мыкты иштеген кызматкерлерге Ардак грамоталар берилди. Өзгөн районунан Нурдин Акматов көчөттөрдү мыкты эккендиги жана  күзөт мезгилинде ак эмгеги үчүн Ардак грамота менен сыйланды», - деди Б.Жээнбеков.

Ошондой эле 19-20-сентябрь күндөрү райондордо Токойчулар күнү белгиленет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×