Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ош облусуНоокат району 17.09.2015 16:19

Ноокаттын сугат суусу барбаган Көк-Бел, Кайыңды айылдарына кошумча түтүкчөлөр тартылууда

Turmush -  Ноокат районундагы Көк-Бел, Кайыңды айылдарына кошумча таза суу түтүкчөлөрү тартылууда. Көк-Бел айыл аймагынын башчысы Медетбек Ташбаевдин айтымында, куруу иштерине жергиликтүү бюджеттен 540 миң сом акча каражаты каралган. Таза суу тартуу иштери ушул жылдын аягында бүткөрүлөт.

«Кайыңды айылында 7500 миң калк жашап, сугат суусу жок. Ошол себептен бүгүнкү күндө эки айылга таза суу түтүкчөлөрүн тартып, суу көйгөйлөрүн чечүүнү пландап жатабыз», - деди М.Ташбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×