Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 17.09.2015 17:54

Алмалык айылында жер көчкүдөн кийин көчүрүлгөн үй-бүлөлөргө президент өз фондунан 200 миң сомдон бөлдү

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-сентябрда Ош шаарындагы Алмалык айылынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушууда жер көчкү түшкөндөн кийин көчүрүлгөн 25 үй-бүлөгө президенттик фонддун эсебинен 200 миң сомдон бөлүнө турганын билдирди. Мындан тышкары өкмөт 20 жылга 200 миң сомдон ссуда бериле турганы айтылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жергиликтүү тургундар, президенттен таза суу жана бала бакча маселесин чечип берүүнү суранышты.  

Мурдараак маалымдалгандай, Алмалык айылында 13-сентябрда саат 21:00 чамасында жер көчкү түшүп, турак үйлөрдү басып калуу коркунучу пайда болгон. Жер көчкү түшкөн аймакта 22 турак жай жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×