Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 17.09.2015 18:33

Алайдын Сары-Моңол айылындагы бала бакчага 270 миң сомдук ашкана курулду

Turmush -  Алай районунун Сары-Моңол айыл өкмөтүндөгү «Гүлбурак» бала бакчасына жаңы курулган ашкана пайдаланууга  берилди. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Аттокур Курмушуев Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, ашкана жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулду.

«Биздин айыл өкмөттө жалгыз 120 орундуу бала бакча бар. Бирок ашканасынын жоктугунан балдар эски бөлмөдө тамактанышчу. Биз ушул маселени чечүү максатында жергиликтүү бюджеттен 270 миң сом бөлүп, жаңы ашкана куруп бердик. Ашкананын курулуш иши 2014-жылы башталган.

Жергиликтүү тургундар да колдоо көрсөтүп, 50 миң сом чогултуп беришти», - деди А.Курмушуев.

 

 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×