Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ош облусуАлай району 17.09.2015 18:34

Алай районундагы жолдорду оңдоого 33 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Turmush -  Алай районунун Корул айыл өкмөтүндөгү 2 чакырым жолго шагыл төшөлүүдө. Бул тууралуу аталган райондун №959 жол тейлөө кызматынын жетекчиси Ганыжан Ибрагимов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылы райондогу жолдорду оңдоого мамлекеттен 33 млн 16 миң 900 сом каралган.

«Корул айыл өкмөтүндөгү 2 чакырым жерге шагыл төшөлүүдө. Ал үчүн бюджеттен 700 миң сом каралган. Учурда кызматкерлер шагыл төшөп жатат.

Мындан сырткары быйылкы жылдын эсебинен Бүлөлү айыл өкмөтүндөгү негизги жолдогу 2 чакырым жолго, Маданият айылындагы 1 чакырым 200 метр жолго, Үч-Дөбө айыл өкмөтүндөгү 3 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Жакында кышка карата даярдыктарды баштайбыз», - деди Г. Ибрагимов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×