Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуӨзгөн району 18.09.2015 11:04

Өзгөндөгү Кара-Шоро жайлоосунан мыйзамсыз отун алган эки тургундун иши сотко өттү

Turmush -  Өзгөн районунун Кара-Шоро мамлекеттик жаратылыш паркынан мыйзамсыз отун уурдап бараткандар кармалып, айып пул салынды. Бул тууралуу аталган парктын башчысы Болот Жээнбеков Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, эл жайлоодон көчө баштагандан тартып, текшерүүлөр  башталган.

«Биз август айынын орто ченинен тартып жайлоодон көчүп келе жаткан унааларды текшерүүгө алганбыз. Анткени биздин отундарды жайлоого чыккан убакта гана жашоочулар пайдалана алышат. Бирок жайлоого чыккандар кыштын камын ойлоп, отундарды жашыруун түрдө алып кетишет. Бүгүнкү күндө кургак отундарды ташып кетип жаткан 4 адам кармалып, административдик акт түзүлүп, айып пул салынды.

Алардын ичинен 2 адам дароо төлөдү. Ал эми экөөсүнүн иши сотко ашырылды. Алар отунду мыйзамсыз алып кеткендиги үчүн 1000 сом, ал эми материалдык зыян үчүн 2000 сом айып төлөшөт», - деди  Б.Жээнбеков.

Текшерүү катуу тартипте январь айына чейин жүргүзүлөт. Учурда күнүнө 4 кызматкер кезек менен күзөттө турушат. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×