Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 18.09.2015 11:57

Алайда бак-дарактарды мыйзамсыз кыйгандарга айып салуу улантылууда

Turmush -  Ош облусунун Алай районунда бак-дарактарды мыйзамсыз кыйгандыгы үчүн 2 адам кармалды. Бул тууралуу аталган райондун токой чарба башкармалыгынын башчысы Өмүргелди Мышыков аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, кармалгандарга административдик айып пул салынган.

«Райондо мыйзамсыз отун алгандыгы үчүн Б.Ж., К.А.  аттуу тургундар кармалып, айып пул салынган. Алардын бири Бүлөлү айыл өкмөтүнүн, бири Жошолу айыл өкмөтүнүн тургундары. Административдик айып пул үчүн 1000 сом, келтирген чыгымы үчүн 4500 сомдон төлөштү. 

Айыпты дароо төлөй албагандарга убакыт беребиз, эгер баш тартса, иш тиешелүү органдарга өткөрүлөт», - деди Ө.Мышыков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×