Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАраван району 18.09.2015 12:59

Аравандын Чек-Абад айылындагы ыктыярдуу топ чек араны кайтарбастан мал уурулугуна каршы күрөшүүгө гана жардам берет, - Мамлекеттик чек ара кызматы

Turmush -  Араван районундагы чек арага чектеш жайгашкан Чек-Абад айылында чек араны кайтаруу үчүн 7 топтун түзүлгөндүгү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик чек ара кызматынын бөлүмдөрү кыргыз-өзбек чек арасын өз алдынча кайтарууда.

Өкмөттүн 2003-жылы 22-майда кабыл алган «КРнын жарандарын мамлекеттик чек араны кайтарууга тартуу» жөнүндө №293 жобосуна ылайык Кыргызстандын жарандары ыктыярдуу кошуундардын курамында чек араны кайтарууга катыша алышат.

Анын негизинде мамлекеттик чек ара тилкелеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жардамы менен чек арага чектеш райондордун жашоочуларынан турган ыктыярдуу элдик кошуундар түзүлгөн. Ыктыярдуу элдик кошуундун негизги максаты – чек ара бөлүмдөрүнө чек ара режиминин аткарылышын көзөмөлдөөгө көмөктөшүү болуп саналат. Ошондой эле, алардын мүчөлөрү мамлекеттик чек арадан мыйзам бузган же бузууга аракет кылган адамдарды издөөгө катыша алышат.

Ош облусуна караштуу Араван районундагы Чек-Абад айылында да ыктыярдуу элдик кошуундар бар. Бирок алар мамлекеттик чек араны кайтарбастан чек арачыларга аталган жерде мал уурулугуна каршы күрөшүү үчүн жардам гана берип келишет.

А 1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×