Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуКара-Суу району 18.09.2015 13:12

Кара-Суунун Нариман айыл өкмөтүндөгү айылдарга жаңы трансформаторлор, электр мамылары орнотулду

Turmush -  Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүндөгү 10 айылга кыш мезгилине карата 10 трансформатор орнотулду. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Ибрагим Гапиров билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөттөгү айылдар кышка карата электр энергиясы менен толук камсыздалды. «Нариман айыл өкмөтүндө 10 айыл бар. Айылдардагы калктын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу электр энергиясына болгон талап да өсүп, электр энергиясынын жетишсиздиги көйгөй жарата баштаган.

Ошондуктан ушул жылдын июнь айынан баштап, ар бир айылга бирден трансформатор жана 350 электр мамысын орнотуу иштери башталган. Учурда орнотуу иштери аяктады. Булардын баары «Ош электр» ачык акционердик коому тарабынан каржыланды», - деди И.Гапиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×