Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуКара-Суу району 18.09.2015 16:07

Кара-Суунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүндөгү спорт залдар оңдолууда

Turmush -  Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүндөгү мектептердин спорт залдары капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Мурадыл Матраимов Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

«Ар бир мектептин капиталдык оңдоосу үчүн жергиликтүү бюджеттен 2 млн 800 миң сомдон акча каражаты бөлүнгөн. Азыр эки мектептин спорт залы оңдолуп жатат. Оңдоо иштери ноябрь айында аяктайт. Жакында Жаңы-Арык айылындагы «Ширинтай» бала бакчасына, балдар үчүн ойноо аянтчасы курулду. Ага жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген», - деди М.Матраимов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×