Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 18.09.2015 16:49

Чек араны кайтарууга чыккан боюнча куралы менен дайынсыз жоголгон «Карамык» тозотундагы жоокердин ата-энесин башкы чек арачы кабыл алды (фото)

Turmush -  Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кайтарууга чыккан боюнча куралы менен кошо жоголуп, изделип жаткан Ош чек ара отрядынын «Карамык» чек ара тозотундагы катардагы жоокер Б.Бааридиновдун ата-энеси жана туугандары Ош шаарында КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Р.Дүйшөмбиев менен жолукту. Жолугушуу кечээ, 17-сентябрда өттү, деп билдирди аймактык кабарчы. 

Изделип жаткан жоокер — Бааридинов Бексултан Садиринович Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылында 1996-жылы туулган. Ал 22-августта 3 жоокер менен бирге (3 жоокер кайтып келген) чек араны кайтарууга чыккан боюнча дайынсыз болууда. Анын куралы менен кошо жоголгондугуна байланыштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Оштогу башкармалыгы менен отряддын курамы кызматтан бошотулуп, тозоттун курамы алмаштырылды.

Башкы чек арачы жолугушууда атайын кармоодо турган 3 аскерди кыргыз-тажик чек арасына жиберип, биргеликте издөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берди. Мындан 2-3 күн мурун Б.Бааридиновдун ата-энеси жана туугандары «Карамык» чек ара тозотунун алдында нааразычылык акциясын өткөрүшкөн.

Раимберди Дүйшөмбиев, жоголгон чек арачынын ата-энесине издөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатканын айтты.

2

3

«Карамык» чек ара тозотунун катардагы жоокери Б.Бааридиновду 24-августтан баштап, бүгүнкү күнгө чейин күчөтүлгөн тартипте издеп жатабыз. Тажикстандын Чек ара кызматы да өздөрү тарапта издөө иштерин жүргүзүп жатат. Биздин издөө тобубуз Тажикстан тарапты издеп бүтүп, эми биз тарапка өттү. Тилекке каршы табылбай жатат. Биз да кызматтык териштирүү жүргүзүп, баланын жоголушуна жол берген Ош чек ара башкармалыгынын башчысы полковник Жээнбаевди, анын эки орун басарын жумуштан алдым. Ош чек ара отрядынын башчысы, полковник Кадыров да жумуштан алынды.

Алар кызматтан кеткени менен Бааридиновду издөө иштерине катышып жатат. Мен Бааридиновдун ата-энеси, туугандары менен жолуктум. Алардын сунуштарын уктум. Ар бир чек ара тозотто кызматтык китепче бар.

Ошол күнү 4 аскер кызматтык китепчеге курал алып кезметке чыкканы тууралуу кол коюшкан. Алар кезметтен ары өз алдынча аңчылыкка чыгып кетишкен. Мен кызматка келгенден тартып чек арачы эч качан аңчылыкка чыкпасын деп катуу талап койгом. Тажикстан менен Кыргызстандын тоолорунда жапайы жаныбар калган эмес. Аны тажик тараптан, биз тараптан мергендер атып жок кылышкан. Жетекчи катары жоокердин ата-энесинин абалын жакшы түшүнүп жатам. Издөө иштерине болгон күч жумшалып, ӨКМдин, УКМКнын кызматкерлери да тартылды», - деди Р.Дүйшөнбиев.

Жоголгон аскер менен кошо аңчылыкка чыккан 3 жоокер учурда «Карамык» чек ара тозотуна жөнөтүлүп, издөө иштерине катышууда. Алар Б.Бааридинов табылгыча ошол жакта болот, деп кошумчалады Р.Дүйшөнбиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×