Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусу, Ош 19.09.2015 10:54

Ош шаарынын жашоочулары көп кабаттуу үйдүн башчысы бир партияны шайлоого мажбурлап жатканына нааразы болууда

Turmush -  Ош шаарынын И.Раззаков көчөсүндөгү №26 үйүнүн жашоочулары үй башчысы бир партияны шайлоого мажбурлап жатканын айтып нааразы болууда. №26 үйдүн жашоочусу Назгүл Оморова Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, үй башчысы жашоочулардан паспортторунун көчүрмөсүн берүүнү талап кылып, добушун ал айткан партияга берүүгө милдеттендирүүдө.

«Раззаков көчөсүндөгү 26-үйдүн жошоочуларын үй башчысы Анара Тагаева партиялардын бирине добуш берүүгө мажбурлап жатат. Тагаева саясий партия жертөлөдөгү эскирип калган суу түтүктөрүн оңдоп берүүгө 70 миң сом каржат бере турганын айтууда. Ал эми паспортторунун көчүрмөсүн бербегендерден суу түтүктөрүн оңдоого 1500 сомдон берүүнү талап кылып жатат», - деди Н.Оморова.

Бул билдирүү боюнча №26 үйдүн башчысы Анара Тагаева менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×