Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуӨзгөн району 19.09.2015 12:14

Өзгөндүн Шералы айылындагы эски имаратта билим алып жаткан окуучулар 70 млн сомдук жаңы мектептин пайдаланууга берилишин күтүүдө

Turmush -  Өзгөндүн Шералы айылындагы К.Рыспаев атындагы орто мектептин имаратынын эскилиги жетип, билим берүүгө мүмкүн болбой калган. Учурда бул маселе чечилип, 540 орундуу мектеп салынууда. Мектептин директору Тарзайым Курманбаеванын айтымында, эски мектеп 4 имараттан турат. Бирок 2 имараты жарактан чыккандыгына байланыштуу башталгыч класстын окуучулары 3 кезмет менен окуп жатышат.

«Биздин мектеп союз мезгилинде курулган мектептердин бири. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан эки имараты жараксыз деп табылган.

Жаңы мектепти курууга мамлекеттен 69 млн 700 миң сом каражат бөлүнгөн. Мектеп 3 кабаттуу болуп курулат. Учурда 1,5 кабаты бүтүп, 24 млн 400 миң сому сарпталды. Каражат толук берилсе жаңы имаратты кийинки жаңы окуу жылына пайдаланууга берүү пландалууда», - деди Т.Курманбаева.

Аталган мектепте 46 мугалим эмгектенип, 881 окуучу билим алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×