Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуНоокат району 21.09.2015 08:29

Ноокат райондук ооруканадагы бөлүмдүн дубалдары чөгүп, полдору чирип калган имараты оңдолууда

Turmush -  Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагындагы невропатология бөлүмүнүн имараты толук оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 29,5 млн сом бөлүнгөн. Аталган бөлүмгө 2011-жылы август айындагы селдин зыяны тийип, дубалдары да чөгүп кеткен, деди райондук аймактык ооруканасынын директору Асамидин Марипов.

Анын айтымында, имаратта жаңыдан курулуш иштери башталып, декабрь айында толук бүтөөрү күтүлүүдө.

«2011-жылдын август айындагы катуу сел Зулпуев айыл аймагындагы невропатология бөлүмүн каптап, имаратка чоң зыян келтирген. Имараттын дубалдары чөгүп, полдорунун асты чирип калгандыктан оңдоп-түзөөгө муктаж болчу», - деди Асамидин Марипов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×