Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусуКара-Суу району 21.09.2015 14:55

Кара-Суудагы «Келечек» балдар үйүнүн 10 жылдан бери оңдоодон өтө элек имараты өтө жаман абалда турат (фото)

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Келечек» балдар үйүнүн имараты капиталдык оңдоого муктаж. Балдар үйүнүн директору Баян Тулешова аймактык кабарчыга билдиргендей, бул маселе боюнча жергиликтүү депутаттар менен айыл өкмөткө бир нече жолу кайрылуу жасалган.

«Келечек» балдар үйү акыркы жолу 2005-жылы капиталдык оңдоодон өткөн. Ошол бойдон капиталдык оңдоо болгон жок.Үйдүн ичин кышка карата өзүбүз актап, тазалап коебуз. Бирок соңку убактарда капиталдык оңдоого муктаж болуп калды. Короосу да өтө начар абалда, балдар үчүн ойноо аянттары жок. Бул маселе боюнча айыл өкмөтүнө жана жергиликтүү депутаттарга жыл сайын арыз менен кайрылып жатам, бирок эч кандай жыйынтык жок. Айыл өкмөтү тарабынан тамак-ашка жана балдардын кийимдерине жардам берилет», - деди Б.Тулешова.

Учурда балдар үйүндө Кара-Суу районунун аймактарынан кабыл алынган 12 бала тарбияланып жатат. Тарбиялануучулардын көпчүлүгү мектеп окуучулары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×