Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ош облусу, Ош 21.09.2015 15:17

Ош шаарында 5 балдар аянтчасы шаар тургундарына пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Ош шаарында бүгүн, 21-сентябрда 5 балдар аянтчасы шаар тургундарына пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Талан Эшбаев билдирди.

«Быйылкы жылы Ош шаарына 21 балдар аянтчасын куруп бүткөрүү пландалган. Алардын төртөө орто, төртөө кичи балдар аянтчасы болуп, президенттин жеке фондунан каржыланып жатат. Кичи балдар аянтчасына 224 миң сомдон, ал эми орто аянтчаларга 321 миң сомдон акча бөлүнгөн. Бүгүн аталган аянтчалардын бешөө толук курулуп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Дагы 2 балдар аянтчасы жакынкы арада пайдаланууга берилет», - деди Т.Эшбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×