Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуӨзгөн району 21.09.2015 15:55

Өзгөндүн Кызыл-Маяк айылында 7 жыл мурун башталган мектептин курулушу улантылууда

Turmush -  Ош облусундагы Өзгөн районунун Кызыл-Маяк айылында мындан 7 жыл мурун курулуп баштаган А.Төрөгелдиев атындагы 640 орундуу мектептин курулушу улантылууда.

Мектептин директору Абдулла Жунусбаевдин айтымында, курулуштун жалпы сметалык баасы 54 млн 750 мин сомду түзүп, мамлекет тарабынан каржыланган. Учурда иштин 50%ы аткарылып, 2016-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Маяк айылында 4000 адам жашайт.

«Бул айылда 1950-жылы курулган Кызыл-Маяк орто мектебинин эскилиги жеткендиктен жаңы имарат курулуп баштаган. Учурда билим берип жаткан эски имарат 400 орунга ылайыкталганына карабастан кошумча бөлмөлөр курулуп, 800 окуучуга билим берүүдө», - деди А.Жунусбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×