Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусуКара-Суу району 22.09.2015 12:29

Кара-Суу районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар 3-октябрда өз үйлөрүндө добуш беришет

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районунда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар 3-октябрда шайлоого карата добуш беришет. Бул тууралуу аталган райондун шайлоо комиссиясынын төрагасы Маматкерим Капаров билдирди.

«Кара-Суу районунда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар каттоого алынган аймактык шайлоо комиссиясына арыз тапшыруусу керек. Арыздын негизинде комиссия тарабынан алар каттоого алынат.

Үйлөрүндө добуш берүүчүлөр үчүн ар бир шайлоо участогунда эки комиссия мүчөсүнөн, бир оператордон жана байкоочудан турган топтор түзүлөт.

Мүмкүнчүлүгү четелген жарандар үйлөрүндө берген добуштары шайлоо аяктаганга чейин сейфте сакталат. Жалпы шайлоодон кийин гана алдардын берген добуштары жалпы добуштарга кошулат», - деди М.Капаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×