Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуКара-Суу району 22.09.2015 12:38

Кара-Суудагы мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилин билүү деңгээли текшерилүүдө

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районунда «Сабаттуу жазалы» аттуу акция жүрүп жатат. Бул тууралуу Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мехриниса Жороева билдирди.

«Кара-Суу районундагы бардык мекемелерде жана жалпы айыл өкмөт кызматкерлерине «Сабаттуу жазалы» аттуу акция жүрүп жатат. Акция 15-сентябрда башталган. Жакынкы күндөрдө аяктап, жыйынтык чыгарылат. Акцияны өткөрүү үчүн, бардык айыл өкмөттөрдү жана мекемелерди 5 зонага бөлгөнбүз. Ар бир зонага бирден кыргыз тилчи дайындалган. Акциянын алкагында мекеме кызматкерлери кыргыз тилинде жат жазуу жазышат.

Акцияны өткөрүүнүн негизги максаты — мамлекеттик мекемелердеги, айыл өкмөттөгү кызматкерлердин кыргыз тилин канчалык деңгээлде билээрин текшерүү болуп эсептелет. Акциянын соңунда кызматкерлердин кыргыз тилинде көркөм окуусу да текшерилет», - деди М.Жороева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×