Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуКара-Суу району 22.09.2015 14:07

Кара-суулуктар Мамлекеттик тил күнүн шайлоодон кийин белгилейт

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районунда кыргыз тилинин 26 жылдык мааракесине карата өткөрүлө турган иш-чаралар парламенттик шайлоого байланыштуу жылдырылды. Иш-чара райондук деңгээлде шайлоодон кийин өтөт, деп билдирди райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Нурмамат Акунбаев.

«23-сентябрда белгилене турган кыргыз тилинин 26 жылдык мааракеси шайлоого байланыштуу жылдырылды. Шайлоо бүткөнгө чейин райондук деңгээлде иш-чара уюштуруу бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Ага байланыштуу Кара-Суу районунун акиминин буйругу менен Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара шайлоо бүткөндөн кийин өткөрүлөт», - деди Н.Акунбаев.

Учурда иш-чараны уюштуруу мыкты деңгээлде өткөрүү үчүн даярдыктар көрүлүп жатат, деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×