Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 22.09.2015 16:08

Фото - Ош шаарында 100дөн ашык эшек багылып жаткан жай табылып, ээси аныкталды

Turmush -  Ош шаарындагы Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында 100дөн ашык эшек багылып жаткан жай табылды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан эшектердин багылышы текшерүүгө алынды.

Текшерүү учурунда короонун ичинен 132 эшек табылып, эшек баккан жайдын ээси Кытай Эл Республикасынын 1969-жылы туулган Сун Гуо Жан аттуу жараны экендиги аныкталды. Аталган Кытай жараны өз түшүндүрмөсүндө кыргыз-кытай биргелешкен ишканасынын ээси экендигин, эшектерди Кытайга экспорттоо үчүн акыркы алты күндүн ичинде топтогонун айтты.

Эшектерди жергиликтүү элден орточо 2000 сомдон сатып алгандыгын, аларды Кытайга алып кете тургандыгын билдирди. ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган жаран эшектерди экспортоого уруксат алган документтерин көрсөтө элек.

Милиция кызматкерлери аталган аймактарды толугу менен кыдырып көрдү. Териштирүү улантылууда.

32

31

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×