Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуКара-Кулжа району 22.09.2015 17:48

Кара-Кулжа районунда мамлекеттик тилдин 26 жылдыгы белгиленди

Turmush -  Бүгүн, 22-сентябрда Кара-Кулжа районунда мамлекеттик тилдин 26 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул тууралуу аталган райондун акиминин орун басары Нурлан Исманова аймактык кабарчыга билдирди.

«Биз буга чейин мамлекеттик тилдин 26 жылдык мааракесине карата мектептердеги окуучулар, мекеме-ишканалар, айыл өкмөттөгү жамааттар ортосунда «Тил байлыгы - Эл байлыгы» деген аталыштагы дил баян, ырларга сынак жарыялаганбыз. Бүгүн аталган сынактын жыйынтыгы чыгарылды.

Жалпысынан 80 эмгек жөнөтүлүп, жеңүүчүлөргө грамота менен баалуу белектер тапшырылды. Мындан сырткары А.Осмоновдун 100,  С.Жусуевдин  90 жылдыгына арналган ырлар окулду», - деди Н.Исманова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×