Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 22.09.2015 18:36

Оштогу 13 аймактык кеңеште жасалып жаткан иштер сайт аркылуу элге көрсөтүлүп турат

Turmush -  Бүгүн, 22-сентябрда Ош шаарындагы 8 муниципалдык ишкананын жана 13 аймактык кеңештин жасап жаткан иш аракеттерин сайтка жайгаштыруу боюнча келишимге кол коюлду. Жакынкы күндөрдө жашоочулар аймактык кеңеште кандай иштер аткарылып жатканын интернет аркылуу көрө алат, деди шаардык мэрия.

Бул саамалык Ош шаарында алгачкы жолу «Юз-Оф» Ош коомдук бирикмеси жана Ош шаардык мэриясы тарабынан уюштурулууда.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, бул демилге «Сегизге он үч» долбоорунун «Ачык шаар» программасынын алкагында уюштурулган.   

Жакынкы күндөрдө атайын сайт ачылып, Ош шаарынын картасы киргизилет. Аймактагы көчөлөрдөн тартып, аймактык кеңештеги, муниципалдык ишканалардагы иштер сайтка жайгаштырылат. Аны менен жергиликтүүлөр үчүн интернет аркылуу байланышып, көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Андагы кайрылууларга тиешелүү кызматкерлер жооп берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×