Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 23.09.2015 08:52

Ошто мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкондор сыйланды (фото)

Turmush -  Ош шаарында кечээ, 22-сентябрда Мамлекеттик тил күнү белгиленип, билим берүү тармагынын мыкты кызматкерлери сыйланды.

Иш-чарага Ош шаарынын жетекчилиги, шаардык кеңештин депутаттары, шаардагы бардык билим берүү мекемелердин жетекчилери, шаардык уюмдар, мекемелер, ведомстволор жана студенттер катышты, деп маалымдайт мэрия.

Майрамдык иш-чаранын алкагында концерт өткөрүлүп, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, товар өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсүнүн катышуучулары, массалык маалымат каражаттардын жетекчилери мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн сыйланды.

«Мамлекеттик тил боюнча мыкты бурч», «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча мыкты билим берүү мекемеси», «Мамлекеттик гимнди аткаруу боюнча мыкты хор» жана башка номинациялар боюнча да сыйлыктар тапшырылды.

Бардыгы болуп 15 адамга Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×