Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 23.09.2015 09:10

Ош шаарынын кичи райондорунда 5 балдар аянтчасы пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Ош шаарынын кичи райондорунда 5 балдар аянтчасы пайдаланууга берилди. Иш-чарага Ош шаарынын жетекчилиги, шаардык кеңештин депутаттары, шаардык мекемелердин жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Маалыматка ылайык, ушул жылы Ош шаарында 21 балдар аянтчасын бүтүрүп, колдонууга берүү пландалып жатат.

«2015-жылдын ичинде Ош шаарында 21 балдар аянтчасын ишке берүү каралган. Бүгүн ал аянтчалардын бешөө ачылды. Биздин негизги максат — жарандарыбыздын жашоо-шарты үчүн ыңгайлуулуктарды түзүү», - деди А.Кадырбаев.

Жаңы аянтчалар Г.Айтиев көчөсүндө, Кулатов кичи районунда, Кукумби, Касымов көчөсүндө жана Курманжан датка аймактык кеңешинде, Мамыров көчөсүндө жайгашкан.

Балдар аянтчасын курууга президент Алмазбек Атамбаевдин фондунан 2 млн 300 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен 6 млн 800 миң сом каралган. Андан сырткары «Эл аралык толеранттуулук үчүн» («За международную толерантность») коомдук фонду менен АРИС программасынын биргелешкен долбоору салым кошту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×