При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Ош шаарында 25 жылдан бери жашап, бирок каттоого алынбагандар бар, - укук коргоочу уюм

Turmush -  Ош шаарынын аймагында каттоого алынбаган ички мигранттардын саны 250 миң адамдан ашат. Бул тууралуу Оштогу «Эдвокаси адам укугун коргоо» борборунун кызматкери У.Бекмуратов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, ички мигранттар социалдык кызматтардан сыртта калууда.

«Шаарда расмий каттоо менен 263 миң адам жашайт. Бирок коммуналдык төлөмдөр 500 миң жашоочудан чогултулууда. Жашоочулардын тизмесин тактоо иштерин мэрия колго албай жатат», - деди У.Бекмуратов.

Ал кошумчалагандай, каттоосу жок адамдар көбүнчө үй-бүлөлүк жатаканаларда, жаңы конуштарда жашайт. Алардын арасында 25 жылдан бери Ош шаарында жашап, бирок каттоо алынбагандар бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2269
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу