Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусуНоокат району 16.10.2015 14:28

Ноокат районунда эртең, 17-октябрда белгилүү акын, жазуучу Камчы Жунусовдун 100 жылдык мааракеси белигеленет

Turmush -  Ош облусундагы Ноокат районунда эртең, 17-октябрда белгилүү акын, жазуучу Камчы Жунусовдун 100 жылдык мааракеси белигеленет.

Райондук билим берүүнүн аппараттык жыйынында маалым болгондой, мааракеге карата бардык билим берүү мекемелеринде бир айлык жарыяланган. Анын алкагында К.Жунусовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө дил баяндар, жат жазуулар жазылып, дубал гезиттер чыгарылат.

Иш-чараны салтанаттуу өткөрүү максатында Кара-Таш айыл өкмөтүндө жайгашкан К.Жунусов атындагы орто мектебинде акындын элесине арналган музей реконструкцияланып, кайрадан жаңыланды.

К.Жунусовдун калемине таандык «Жийде бурак», «Сырдуу булак» жана «Мен» аталышындагы чыгармалары окурмандарын тапкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×