Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 16.10.2015 15:31

Ош шаарындагы сарайдан табылган 100дон ашык эшекке байланыштуу документтерди текшерүү уланууда

Turmush -  Ош шаарындагы сарайдан сентябрь айында табылган 100дон ашык эшекке байланыштуу документтерди текшерүү иштери уланууда.

Бүгүн, 16-октябрда ИИМдин Ош облусу менен Ош шаардык башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы аймактык кабарчыга билдиргендей, эшектерди кытайлык жаран Сун Гоу Жан Кытайга алып кетип жатканын айткан. 

Текшерүү учурунда кытайлык жаран эшектерди 2 миң сомдон сатып алганы малым болгон. Учурда эшектер табылган сарайда багылып жатат.

Фото - Ош шаарында 100дөн ашык эшек багылып жаткан жай табылып, ээси аныкталды
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×