Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуНоокат району 16.10.2015 16:06

Кадамжай менен Алайдын мугалимдери кесиптик тажрыйба алмашууда

Turmush -  Баткен облусунун Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү менен Ош облусунун Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери кесиптик тажрыйба алмашууну улантууда. Бул тууралуу Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Мырхал Ганыбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-16-октябрь күндөрү Алай районунан келген билим берүү жетекчилиги менен Алай районундагы 7 мектептин директорлору Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына кирген, Кадамжай районундагы ысык тамак берилип жаткан мектептерге барып алардын иш-аракеттери менен жакындан таанышты.

«Аталган программанын координаторлору мектептердеги ысык тамактын сапатын жакшыртуу боюнча кеңири түшүндүрмөлөрдү берди. Андан сырткары билим берүү тармагындагы кесиптештер арасында пикир алмашып, тажрыйба бөлүштүк», - деди М.Ганыбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×