Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуНоокат району 16.10.2015 16:22

Ноокаттын Кара-Таш айылында ичине чейин сел каптаган мектептин имараты жаңы курулууда

Turmush -  Ноокат районундагы Кара-Таш айыл аймагында жайгашкан А.Мамыров атындагы орто мектебинин авариялык абалдагы имаратынын ордуна жаңы мектеп курула баштады.

Райадминистрация билдиргендей, курулушка мамлекеттик боюджеттен 70 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

«М.Мамыров орто мектеби 1965-жылы курулуп, акыркы жылдары катуу жаандан кийинки сел имараттын ичине чейин каптап, мектепти жараксыз абалга келтирген. Учурда аталган эски имаратта 485 окуучу билим алууну улантууда», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×