Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 16.10.2015 16:58

Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулушунун акыркы этаптары жүрүп жатат (фото)

Turmush -  Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн курулушунун акыркы этаптары жүрүп жатат. Учурда көпүрөнүн үстүнө асфальттын экинчи катары төшөлүүдө, деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.

Ошондой эле, Мажүрүм тал, Өзгөн көчөлөрү менен көпүрөнүн эки тарабындагы жолдорго да асфальт төшөлүп, жөө адамдар басуучу жолдорго брусчаткалар коюлду.

«Учурда көпүрөнүн Ленин көчөсү тарабынан 150 метрге жакын аймагы асфальт төшөө үчүн тегизделип жатат. Түнкү жарыктандыруу үчүн лампалар коюлууда. Учурда көпүрөнүн курулушуна 50дөн ашык ар кандай техникалар иштеп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×