Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуНоокат району 16.10.2015 17:36

Ноокатта чычкан, келемиштерди дератизациялоо айлыгы жүрүп жатат

Turmush -  Ош облусуна караштуу Ноокат районун аймагында адамга коркунуч келтирген чычкан, келемиш сыяктуу зыянкечтерди жок кылуу максатында дератизациялоо иши жүргүзүлүүдө.

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан берилген маалыматка ылайык, учурда Ноокат районунун аймагында бул иш-аракеттер 1 ай, тактап айтканда 25-октябрга чейин жүргүзүлөт.

Дератизациялоо иш-аракетине мекеме, ишканалардын кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары, айыл башчылары жана жалпы коомчулук активдүү катышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×