Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 17.10.2015 14:14

Ош шаарында кезектеги жаңы балдар аянтчасы пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 17-октябрда Ош шаарында 500 чарчы метрлик жаңы балдар аянтчасы пайдаланууга берилди. Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы аянтча Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын Түштүк-батыш аймактык командачылыгынын аскер кызматкерлеринин балдары үчүн курулду.

Бүгүнкү иш-чарага шаардын вице-мэри Ильичбек Эргешов, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын Түштүк-батыш аймактык командачылыгынын командири Эрнист Тердикбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Буга чейин бул аймакта президент Алмазбк Атамбаевдин катышуусу менен 80 батирлүү үй пайдаланууга берилип, президент балдар аянтчасын куруу үчүн 500 миң сомдун сертификатын тапшырган. Балдар биздин келечегибиз. Биз аларга дайыма кам көрүшүбүз керек», - деди полковник Э.Тердикбаев.

Салтанаттын жүрүшүндө балдарга таттуулар таратылды.

Сүрөт: Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×