Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 19.10.2015 10:08

Өзбекстандын Барак эксклавындагы кыргызстандыктарга күзгү айдоого техникалар жана үрөн жеткирилди

Turmush -  Өзбекстандын аймагында жайгашкан Барак эксклавындагы кыргызстандыктарга күзгү айдоого жардамдар жөнөтүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Өкмөттүн буйругунун негизинде барактыктарга атайын техникалар жана жер семирткичтер жеткирилди.

«1 трактор жана 1 комбайн, 7 тонна азот, 4 тонна 200 кг аммофос, 18 тонна буудай жеткирилди. Аларды ӨКМдин 6 оор жүк ташуучу унаасы жеткирип келди», - деп айтылат билдирүүдө.

Барак энсклавында буга чейин 200гө чукул үй-бүлө жашаса азыр 30дан ашуун кожолук калды. Ал жерде жашагандар Кара-Суу районунун Беш-Үй учаскасына көчүп келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×