Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусуАраван району 19.10.2015 11:12

Аравандыктар Кичи-Алай айылындагы көпүрөнү оңдоп берүүнү кен казган компаниядан талап кылууда

Turmush -  Аравандын Кичи-Алай айылындагы көпүрөнү оңдоп берүү талабы көмүр казган тарапка коюлууда. Бул тууралуу Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев билдирди. Анын айтымында, көмүр казган компания оор жүк ташуучу унаалары менен өтөт. Андан улам аталган айылдагы көпүрө кулап түшкөн.

«Көпүрө 10 тонна жүктү көтөрүүгө ылайыкталып салынган. Ал жерде көмүр казган тарап 40 тонна жүк ташуучу унаалар менен көмүр ташып жатып, көпүрө кулап түшкөн. Азыр көмүр казган тарапка ал көпүрөнү оңдоп берүү талабы коюлууда. Көмүр казган тараптын унаалары көпүрөдөн оор салмак менен өтүп жүргөндүктөн көпүрөнүн сапаты начарлап унааны көтөрө албай кулап калды», - деди К.Айтибаев.

Аравандын Кичи-Алай ылынын жогору жагында Беш-Алма көмүр кени иштейт. Кичи-Алай айылы Араван районуна караса, жер Ноокат районуна таандык. Көмүр казган фирма Жалил Атамбаевге таандык экени айтылып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×