Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 19.10.2015 11:28

Өзгөндүн Чаңгет айыл өкмөтүндө кышка карата даярдык көрүү иштери 90%га аткарылды

Turmush -  Өзгөн районунун Чаңгет айыл өкмөтүндө кышка карата даярдык көрүү иштери 90%га аткарылды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Төрөбек Эшиев аймактык кабарчыга билдирди.

«Чаңгет айыл өкмөтүндө кышка даярдыктар 90%га аткарылды. Биздин айыл өкмөттө 2 мектеп, 1 бала бакча бар. Жалпысынан жергиликтүү бюджеттен көмүр сатып алуу үчүн 266 миң сом акча каражаты бөлүндү. Учурда бала-бакчага 2 тонна, ал эми 2 мектепке 55 тонна көмүр сатылып алынды. Эми айыл өкмөттүн имаратын жылытууга көмүр сатып алуу керек», - деди Т.Эшиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×