Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 19.10.2015 12:12

Ош шаарындагы Олимп гимназия-мектеби жоолук менен ээгин жаап келген окуучуну мектепке кабыл алуудан баш тартууда, - жактоочу

Turmush -  Ош шаарындагы Олимп гимназия-мектебинин окуучусу жоолук салынып, ээгин жаап келгендиги үчүн сабакка киргизилбей жатат. Бул тууралуу окуучу кыздын жактоочусу Замир Адигинеев Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди. Жактоочунун айтымында, аталган мектептин жетекчилиги 9-класстын окуучусу Камила Якубованы мектепке кабыл алуудан баш тартып, мыйзамды бузууда.

«Мектеп жетекчилиги окуучуга бетин жаап келгени үчүн эскертүү берип, окуу жылынын башынан бери кабыл албай келген. Якубова аталган мектептин жанында жашайт. Бирок аргасыз алыскы мектепке каттап окуп жатат», - деди З.Адигинеев.

Жактоочунун айтымында, ал мектеп жетекчилигинин бул аракети мыйзамсыз экенин билдирип, Ош шаардык прокуратурасына арыз менен кайрылган.

Шаардык прокуратура мектеп жетекчилигинин чечимин колдогонун кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×