Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуНоокат району 19.10.2015 12:36

Ноокатта булак суусун кайра иштетүүчү цех ишке берилди

Turmush -  Ноокат районунда табигый булак суусун кайра иштетүүчү цех ачылып, ишке берилди.

Райондук мамлекеттик администрациянын маалыматына ылайык, учурда Кара-Кой тоосундагы булактын суусу атайын идиштерге куюп, сатыкка чыгарылды.

«Сууну кайра иштетүүчү цехтин курулуш иштерине жалпысынан 10 млн 500 миң сом сарпталды. Цехте сезон мезгилинде 30 жумушчу орун түзүлөт. Жумушчулардын орточо эмгек акысы 9-15 миң сомго жетет. Бул цехтен чыгарылган 1 литр суунун базар баасы 19 сомго бааланууда», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×