Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 19.10.2015 12:43

Кара-Суунун Ачы жана Кең-Сай массивдеринен 2,3 миң гектар жер турак жай курууга бөлүнүүдө

Turmush -  Кара-Суу районунун Ачы жана Кең-Сай массивдеринен бөлүнгөн 2 миң 300 гектар аянттагы жер кезек менен жарандарга турак жайга бөлүнүп берилүүдө. Ош облусундагы өкүлчүлүктүн аймактык бөлүмүн жетектеген Р.Мөнөкбаев аймактык кабарчыга билдиргендей, жер тилкелерин берүү 2014-жылдын июнь айында башталган.

«Жалпысынан 12 миң 500 адам жер тилкесин алуу үчүн кезекке турган. Учурда 960 гектар жер тилкеси 7 миң 312 жашоочуга 6 сотыхтан берилди. Турак жай куруу үчүн жер тилкесине муктаж болгондор 6 миң 843 сом төлөп, кезекке турушу керек», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×