Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуНоокат району 19.10.2015 18:16

Ноокаттын Чеч-Төө айылынын тургундары өз каражаттарына көпүрө куруп алышты

Turmush -  Ноокат районундагы Чеч-Төө айылынын тургундары каражат чогултушуп, айылга көпүрө куруп алышты. Бул тууралуу Н.Исанов айыл аймагынын башчысы Нурлан Асанов билдирди.

Анын айтымында, Чеч-Төө айылынын ички жолдору жергиликтүүлөргө бир канча терс таасирин тийгизип келген.

«Көпүрөнүн курулушуна 100 миң сомдон ашуун акча каражаты сарпталды. Мындан мурда аталган жайда көпүрө болгон эмес. Ошонун айынан жергиликтүүлөрдүн ал жайдан өтүүсү кыйын болуп келген. Акыркы мезгилде жолдун айланасы суу жеп олтуруп, жолдун абалы такыр начарлап кеткендигине байланыштуу ал жерде жашагандар жолдон өтө албай калышкан. Мындан кийин Чеч-Төө айылынын тургундары уюшкандык менен өздөрүнө керектүү болгон көпүрөнү куруп, пайдаланууга беришти»,- дейт Н.Асанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×