Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 19.10.2015 18:24

Ош шаарындагы таза суу түтүктөрүнүн 70%ы оңдоп-түзөөгө муктаж

Turmush -  Ош шаарындагы таза суу түтүктөрүнүн 70%ы оңдоп-түзөөгө муктаж. Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын инженери Ормош Осмоновдун айтымында, жер алдындагы суу түтүктөрү 1950-60-жылдары курулган.

«Калаадагы жер астынан өткөн таза суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткен. Ал түтүкчөлөр 50-60-жылдары курулган. Түтүкчөлөрдүн абалы жылдан-жылга начарлап, жарылуулар көбөйүүдө. Суу түтүкчөлөрүнүн жарылуу кесепетинен улам жаңы курулган жолдор дагы бузулууда. Быйылкы жылы 10 чакырымдан ашуун гана жер астындагы суу түтүкчөлөрү оңдолду. Шаардын бюджети жетпегендиктен аларды оңдоого чет өлкөдөн келген каржы булактары жардам көргөздү», - деди О.Осмонов.

Ош шаарында 500 чакырымдан ашык суу түтүктөрү жер алдында жайгашып, алардын  орнотулганына жарым кылымдан ашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×