Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуНоокат району 19.10.2015 18:28

Ноокаттын Т.Кулатов айыл аймагы мектептер менен бала бакчаларды кышка даярдоого 1,1 млн сом бөлдү

Turmush -  Ош облусундагы Ноокат районунун Т.Кулатов айыл аймагындагы мектептер кышкы жылытуу мезгилине карата даярдык көрүүдө. Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нурдин Мадумаровдун айтымында, учурда айыл аймагында 5 мектеп жана 2 бала бакча бар.

Жылына 5 мектеп менен 2 бала бакчанын имаратын жылытууга 338 тонна көмүр керектелет. Учурда 268 тонна көмүр түшүрүлдү. Мындан тышкары мектептерде көмүр жагылуучу мештер тазаланып, текшерүүдөн өттү. Айрым жылытуучу системалар оңдоп-түзөөдөн да өткөн.

Жергиликтүү бюджеттен кышкы отунга жана оңдоп-түзөө иштерине жалпы 1 млн 100 миң сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×