Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусуНоокат району 20.10.2015 08:43

Ноокат районунан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан Т.Кулатов айылынын тургундары бир катар документтерге ээ болушту

Turmush -  Ноокат районунан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан Т.Кулатов айыл аймагынын тургундарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү, паспорт, кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо сыяктуу документ иштерине байланышкан маселелер боюнча жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нурдин Мадумаров билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анын айтымында, Финляндиянын тышкы иштер министирлиги менен БУУнун өнүктүрүү программасынын биргелешкен «Кыргыз Республикасында сот адилеттигине жетүү» долбоору аркылуу август, сентябрь айларында Т.Кулатов айыл өкмөтүнө Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү, акысыз кеңеш берүүчү юристтер келди.

Иштин жүрүшүндө эл арасында документациялоо иштери боюнча көптөгөн көйөгөйлөр бар экендиги аныкталды. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок, нике тууралуу документи жок адамдарга документтерин алып берүүгө жардам көрсөтүлдү. Көптөгөн адамдар акысыз юридикалык кеңештерди алышты. Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоого болгон документтерди алуу иштерине да жардамдар берилди.

«Т.Кулатов айыл өкмөтү райондун борборунан 45 чакырым алыстыкта тургандыгына байланыштуу эл үчүн райондун борборуна барып, документ иштерин бүтүрүп келүү иштери бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Эки ай аралыгында көптөгөн жарандарыбыз документтүү болушту», - деди Н.Мадумаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×