Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусу, Ош 20.10.2015 09:01

Ош облусундагы мектептерде окуучулардын тамак-ашын жакшыртуу максатындагы окутуулар өткөрүлүүдө

Turmush -  Ош облусундагы мектептерде кенже класстардагы окуучулардын тамак-ашын жакшыртуу максатында окутуу өткөрүлүүдө. «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук уюмунун өкүлү Роза Кайыкова аймактык кабарчыга билдиргендей, окуучуларга берилген тамак-ашты жакшыртуу жана витаминдүү тамактар менен азыктандыруу боюнча мугалимдерге семинарлар өткөрүлдү.

«Мурдагы салттуу тамак менен азыркы жакшыртылган тамак-аш боюнча ата-энелер менен биргеликте иш алып барабыз. Эгер сапаттуу жана витаминдүү тамактар берилсе окуучулардын окууга кызыгуусу артып, мектептен калбай сабакка келе баштайт», - деди Р.Кайыпова.

Уюмдун өкүлү кошумчалагандай, Ош облусунун Ноокаттагы Көк-Жар айылынын Мамытов мектебинде жана Алай районунун Гүлчө айылындагы «Абдразак Кадырмамат уулу» мектебинде да мындай окутуулар өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×