Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуНоокат району 20.10.2015 09:31

Ноокаттын Күңгөй-Кожоке айылын сугат суу менен камсыздоого 1,9 млн сом табылды

Turmush -  Ноокат районундагы Күңгөй-Кожоке айылы сугат суу менен камсыздалат. Н.Исанов айыл аймагынын башчысы Нурлан Асановдун айтымында, Н.Исанов айыл аймагына караштуу Күңгөй-Кожоке айылына сугат суу чыгарууга Агахан фонду тарабынан 1 млн 300 миң бөлүндү. Мындан тышкары жергиликтүү бюджеттен 600 миң сом каралган.

Бул каржатка Кошан дарыясынан Күңгөй-Кожоке айылына өтүүчү 6 чакырым аралыкка созулган Кайырма каналы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт жана кошумча каналдар курулат.

«Бул канал оңдоп-түзөөдөн өтүп, кошумча каналдар курулса Күңгөй-Кожоке айылынын 30 гектар аянтына сугат суу чыгарылат жана 200 гектар аянты сугат суусу менен камсыз болот. Аталган курулуш иштери ушул күндөрү башталып, ноябрь айына бүткөрүлөт», - деди Нурлан Асанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×