Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуАраван району 20.10.2015 11:37

Аравандын Чек-Абад айылында жаңы курулган турак үй келин менен кайнатанын талашына түшүүдө

Turmush -  Аравандын Чек-Абад айылында келини менен кайнатасы үй талашып чырдашууда. Бул тууралуу кайнатасы менен үй талашып жаткан Гүлирайхон Исаева аймактык кабарчыга билдирди. Анын айтымында, кайнатасы Сабиржон Тилаволдиев келини менен уулу курган үйдү кызына алып берүүнү максат кылууда.

«Биз 5 жыл мурда үй салууга жер тилкесин алганбыз. 2 жыл батирлеп жашап жүрүп, Россияга барып иштеп үй салдык. Күйөөм менен иштегени кеткен учурда кайнатам жерди өзүнө өткөрүп алыптыр. Үйдү куруп жашай баштаганыбызда бизден үйдү талашып жатышат», - деди Г.Исаева.

Кайната менен келиндин араздашуусу сотко чейин жеткен. Иш 22-октябрда Ош облусттук сотунда каралат. Умиджан Сабиржановдун уулу учурда  Россияда экендиги белгилүү болду.

Ал эми Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысы Рафыт Эргешовдун айтымында, эки тарап көптөн бери чырдашып келет. Буга чейин алардын чыры токтоп, ынтымакка келген. Кайрадан чырдашуунун себеби белгисиз, деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×