Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 20.10.2015 15:30

Ошто жардамга муктаж жарандарга жардам берүү максатында жарманке уюштурулат

Turmush -  Ош шаарында жардамга муктаж жарандарга жардам берүү максатында жарманке уюштурулат . Бул тууралуу кайрымдуулук иш-чарасын уюштуруучу жаш энелер тобунун өкүлү Turmush басылмасына билдиришти.

Маалым болгондой, 25-октябрда шаардагы бир катар кызмат көрсөтүүчү интернет борборлору, сулуулук салондор жарманкеге 3 миң сомдон жардам көрсөтүшөт.

Ал жаманкеден чогулган каражаттар шаардагы «Малютка» балдар үйүнө жана Наримандагы жетим балдардын интернатына кийим жуучу жана идиш-аяктарды жуугуч каражаттар сатылып берилет.

Андан сырткары, жарманкеде жаш энелер үчүн акушер-гинекологдор жана психологдор да кеңеш берип кызмат көрсөтүшөт. Иш-чарада мындан сырткары, айнекке жана кагазга сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.

Наримандагы жетим балдар үйүндө 60тан ашуун жана Оштогу «Малютка» балдар үйүндөгү 20дан ашуун балдарга жардамдар көргөзүлөт. Бул акцияны Ош шаарындагы жаш энелер уюштурууда. Жарманке 25-октябрда өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×