Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 20.10.2015 15:41

Ошто угуусу начар жана укпаган 10 бала бекер билим алууда

Turmush -  Ош шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 10 бала бекер билим алууда.

Ош шаарындагы «Улыбка» коомдук уюмунун өкүлдөрүнүн бири маалымдагандай, угуусу начар жана укпаган балдарга орус тили жана математика сабактары окутулууда.

«Угуусу начар жана такыр укпаган жалпы 10 бала бекер окутуулууда. Аларга орус тили математика жана сүйлөө жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында сабактар өтүүдө. Алардын арасында экөөсү мурда мектепте билим алышкан. Ал эми калган балдардын такыр билими жок», - деди уюмдун өкүлү.

Маалым болгондой, «Улыбка» уюму буга чейин 20-30дай мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды ишкерлик кылууга окутуп, бешөөнүн бизнес баштоого каржылап берген.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу «Чогуу жашаганды үйрөнөбүз» аттуу долбоордун алкагында өтүүдө. Долбоорду Дүйнөлүк балдар фонду каржылаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×