Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 20.10.2015 15:42

Ош шаарынын мэриясы Грепплинг боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медалын алып келген Т.Багынбай уулуна 50 миң сом сыйлык тапшырды (фото)

Turmush -  Ош шаарынын мэриясы Түркияда өткөн Грепплинг боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин алып келген спортчу Багынбай уулу Төрөканга 50 миң сом сыйлык тапшырды. Сыйлык кечээ, 19-октябрда шаардын мэри Айтмамат Кадырбаев менен студенттердин жолугушуусунда тапшырылды, деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.

Мурда маалымдалгандай, күмүш медалдын ээсин 16-октябрда Ош шаарында салтанаттуу түрдө тосуп алышкан. Аэропорттон тосуп алгандар спортчуну кызуу куттуктап, бекем ден соолук жана бир катар жеңиштерди, ийгиликтерди каалашты. 

Ошондой эле, Ош шаарынын жаштары күмүш медалчы менен борбордук аянтта жолугушту. 

Алания шаарында 9-октябрдан 13-октябрга чейин созулган дүйнөлүк чемпионатка дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн барган спортчулар күч сынашты.

Кыргызстандык Багынбай уулу Төрөбай 71 кг салмактагылар арасында финалга жетти. Финалдык беттеш Россиянын өкүлү менен болуп, анын пайдасына чечилди.

Сүрөт: Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×