Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 20.10.2015 16:04

Ош шаарында Эл аралык жарандык коргонуу уюму ӨКМге техникалык жардамдарды тапшырды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 20-октябрда Ош шаарында ӨКМдин «Бирдиктүү кампасынын» аймагында Швейцариянын Жарандык коргоо Федералдык башкармалыгынын колдоосу менен Эл аралык жарандык коргоо уюму тарабынан берилген техникалык жардамды кабыл алуу иш-чарасы өттү.

Иш-чарага ӨКМдин статс-катчысы Таалайбек Темиралиев, Швейцариянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Рене Холенштайн жана башкалар катышты, деп маалымдайт ӨКМдин басма сөз кызматы.

Кыргыз Республикасы 2011-жылы Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун толук кандуу мүчөсү болгон.

Сүрөт: ӨКМ

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×